Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Илья Дроздовдун айтымында, Тажикстан баардык жагынан Орусияга көз каранды. Өз улутташтарын коргоо үчүн ал тажик мигранттарына кысым көрсөтүү керектигин айтты.

«Говорит Москва» радиосуна берген маегинде ал Орусия парламенти Тажикстан Республикасынын бийлигне суроо коюу менен визалык режимди киргизүүгө даярдана баштайт деп ишенгенин билдирди.

Эске салсак Тажикстан ов», «-ова», «-ович» и «-овна» мүчөлөрү менен бүткөн фамилияларга тыюу салып анын ордуна тажикче «зод», «зода», «ӣ», «иён» и «фар» мүчөлөрү менен бүткөн фамилияларды сунуштаган.

Мамдуманын депутаты орустардын укуктарынын бузулушу бир гана Тажикстанда эмес, бардык мурдагы ССРБдеги өлкөлөрдө, биринчи кезекте, Орто Азия өлкөлөрүндө бузулуп жаткандыгын белгилеп, Орусиянын саясатына наарызы болгон.

«Орусиянын ойлонулган мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон атайын пландалган саясат жок. Орусия КМШ өлкөлөрүндө орустардын, орус улутундагылардын укугун коргой  албай жатат», — деп белгилейт.

Илья Дроздов  Владимир Жириновский — жетектеген «либерал-демократтар» фракциясынын мүчөсү.