Кварталдык баяндамасын жарыялагандан кийин компаниянын капитализациясы 13%га өсүп, 38,2 млрд долларды түзүп калды. Анын негиздөөчүсү Жефф Безостун байлыгы болсо 3 саат 45 мүнөттө $6 млрдга көбөйүп, 60 млрд долларга жетти.

Bloomberg’дин онлайн-рейтингине ылайык, Безос дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде мексикалык телекоммуникациялык магнат Карлос Слимден ашып өтүп, 4-орунга чыкты.

РБК жазгандай, 28-апрелде Amazon 2016-жылдын биринчи кварталына карата каржылык баяндамасын жарыялады. Интернет-ретейлер түптөлгөндөн бери эң көп таза пайда көргөнүн билдирген. Үч ай ичинде компания $513 млн таза пайда таап, жалпы кирешеси болсо $29,1 млрдга жетти.

Кечээ Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг компаниянын баяндамасы чыккандан кийин 2 саатта 4,3 млрд долларга байып кеткени маалым болгон эле.