Сооронбай Жээнбеков ветеринардык экспертиза жана диагностика борбору менен борбордук фитосанитардык лабороториясынын абалы менен таанышып келгенден кийин жыйын өткөрдү.
Буга чейин кабыл алынган өкмөттүн чечими боюнча 2016-жылдын 1-августунан тарта ЕАЭБ (Евразиялык экономикалык биримдик) өлкөлөрү тарабынан түзүлгөн чек арадагы ветеринардык көзөмөл алынышы керек эле. Тапшырманы аткаруу үчүн өкмөт башчы тийиштүү тармактарга курулуш жана жаңылоо иштерин этабы менен жүргүзүүнү буйруду.
Анын тапшырмасы менен биринчи этапта Ош менен Бишкектеги ветеринардык лабороториялар калыбына келтирилип, кийинки кезек облустарга өтүшү керек.
Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоевдин билдирүүсү боюнча, аймактарга 5 ушундай лабораториянын курулушу палндалууда жана ага 46, 5 млн сом керектелинет.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.