Улуу согуштун 71 жылдыгына карата аскерий парад өткөрүлбөйт. Анын ордуна Жеңиш аянтында эскерүү митинги уюштурулмакчы. Адатынча, жоокерлердин боткосу да жасалат.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы билдиргендей, 6, 7-майда Жеңиш аянтында Бишкек гарнизонунун катышуусунда митингге даярдык көрүшөт. Шаар тургундары аскерий техниканы 8-майда көрө алышат. Саат 18:00гө чейин алар борбордук аянтка чыгарылмакчы.