Депутаттын айтымында, элдин көпчүлүгү Конституция канча жолу өзгөргөнүн унутуп койду. 5-май катардагы деп алыш күндөй кабыл алынып калды.

Конституция күнү менен катар эл өкүлү 23-февралды (Ата-мекен коргоочу күнү) жана 7-ноябрды (Октябрь революциясынын күнү) да “кызыл күндөрдүн” катарынан алып салууну сунуштады.

Дастан Бекешев (КСДП) май айынын үчүнчү жекшембисин Эне күнү деп белгилеп, 1-июнь Балдар күнү менен бирге дем алыш деп жарыялоону туура көрүүдө.

“Мен үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган майрамдарды калтырып, жөн гана эскерүү даталарына айланган саясий майрамдарды алып салууну сунуштагым келет”, — деп баса белгиледи депутат.

Бөлүшүү