Дүйнөдө эң алгачкы конституция 1787-жылы АКШда кабыл алынган жана ал бүгүнкү күнгө чейин өзгөрүүсүз келет. Ал эми Кыргызстандын консититуциясы 23 жылда канча жолу өзгөрүүгө кабылды?
ССРБ мезгилиндеги Кыргыз конституциясы
Эң алгач 1929-жылы 30-апрелде Кыргыз АССРинин конституциясы кабыл алынган. Анда автономдуу республиканын укуктары жана аткара турган жаш мамлекеттин негиздери боюнча ССРБдин негизи баш мыйзамдары кайталанган.
Экинчи жолу баш мыйзам 1937-жылы 23-мартта Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.
Үчүнчү жолу баш мыйзам 1978-жылы 1978-жылы 10-апрелде Кыргыз ССР Жогорку Совети кабыл алган. Конституция 10 бөлүм, 172 беренеден турган.
Ага 1989–90-жылдарда жаңы толуктоолор киргизилген.
Эгемен Кыргызстандын конституциясы
1Алгачкы Конституция
Советтер Союзу кулагандан кийин Кыргызстан мурдагы кабыл алынган баш мыйзам боюнча жашап, 1993-жылы 5-майда алгачкы Кыргыз Республикасынын баш мыйзамын кабыл алынып, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип берилген.
Баш мыйзам 9 бөлүм, 98 беренеден туруп, президенттик-парламенттик башкаруудагы өлкө деп аталган. Жогорку Кеңеш 350 депутат боюнча кала берген.
2Алгачкы өзгөртүү
1996-жылы баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, 1993-жылкы баш мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңеш эки палаталуу 105 депутаттан турган.
3Бийлигин күчөтүү аракети
1998-жылы кайрадан конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттик укуктар кеңейтилген да, айрым толуктоолор киргизилген.
4Бийликте калуу аракети
2003-жылы элдик референдум өтүп, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Анда Аскар Акаевге 4-жолу президенттике ат салышууга жол ачылган. Кийинки чакырылыштагы парламент бир палатадан, 75 депутаттан тураары жөнүндө мыйзам кабыл алынган.
5Парламентти көтөрмөлөп…
2006-жылы ноябрдагы оппозициянын нааразычылык акциясынан кийин баш мыйзамга кайрадан толуктоолор жана өзгөртүүлө киргизилген. Өлкө президенттик-парламенттик башкаруу деп аталып, ЖКда 75 депутат болгон.
6кайра түшүрүү
2007-жылы 14-сентябрда кайрадан конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, элдик референдум өткөн. Анын негизинде парламент таратылып, партиялык тизме менен жаңы парламент шайланган. Депутаттардын саны 90го жетип, өлкө президенттик республика деп аталган.
7Биротоло парламентаризмге өтүү
2010-жылы бийлик алмашуудан кийин элдик референдум өтүп, баш мыйзам толугу менен өзгөргөн. Анда жалпысынан 9 бөлүм, 114 беренеден туруп, өлкө парламенттик башкарууга өткөн. Жогорку Кеңешке 120 депутат партиялык тизме менен шайланып келген.
Бирок, тарых көргөзгөндөй, баш мыйзам толук аткарылбай, кайрадан өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө сунуштар айрым коомчулук өкүлдөрү жана президент тарабынан тынбай айтылып келүүдө.