Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп баштады.

1997-жылы туулган кенже сержант А.Р. аскер бөлүгүнөн 5-майда качып кеткен. Эртеси саат 11:30да асылып турган сөөгү табылган. Башкы штаб бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алганын билдирди.

Курсант К. Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөр аскер институтунда окуп жатканы маалым.