Грек-рим стилинде күрөшкөн Царев Стамбулда (Түркия) өткөн дүйнөлүк мелдеште коло медалга ээ болду. Муну менен балбан быйыл Бразилияда өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

66 кг салмак категориясында күрөшкөн Руслан финалга чейин 4 беттешти катары менен жеңген. Алтын медаль үчүн кармашта ал азербайжандык Расул Чунаевден 6:0 эсебинде жеңилип калды.

Ошону менен кыргыз балбандарынын эсебинде 4 лицензия бар. Рио-де-Жанейрого Царевден тышкары Арсен Эралиев (59 кг), Жанарбек Кенжеев (75 кг) жана Мурат Рамонов (130 кг) дагы барып келет.

Руслан Царевдун лицензиясы Кыргызстан үчүн 11чи болду. Ага чейин Олимпиадага жолдомону Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Дарья Маслова (баары жеңил атлетика), Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов (греко-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова жана Магомед Мусаев (эркин күрөш), Эркин Адылбек уулу (бокс) жана оор атлетика боюнча курама команда алган.

Бөлүшүү