Европа Биримдиги түркиялыктардын Шенген визасын алышы үчүн Түркия терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамын кайра карап чыгышы керек деген талап койгон.

«Террористерге чатыр куруп бересиңер, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтесиңер жана муну демократияны жайылтып жатабыз деп, Түркия террористтик уюмдардын, аларды түз же кыйыр колдогондордун чабуулуна кабылган учурда Евробиримдик терроризмге каршы мыйзамыңарды өзгөрткүлө деген талап койосуңар. Бул үчүн Түркия жарандарына Шенген аймагында визасыз жүрүүнү алмаштырабыз дейсиңер. Биз өз жолубуз менен кетебиз, силер өз жолуңар менен кеткиле», — деп өлкө президенти Режеп Эрдоган билдирди.

Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы качкындар маселеси жана виза келишими тууралуу сүйлөшүүлөр эки айдан бери уланып, 3-май күнү түрк жарандары үчүн Европа Биримдигинин аймагы визасыз болот деп дүйнөлүк коомчулукка жарыяланган эле.

Европа Биримдиги жана Түркия
Европа Биримдиги жана Түркия

Ал эми Түркия өкмөтү террористик деп тааныган «Күрт жумушчулдар партиясы» жана «ислам мамлекети» топтору менен күрөшүп келет.

Мурдараак Европа Биримдиги түркиялыктардын Шенген визасын алышы үчүн Түркия терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамын кайра карап чыгышы керек деген талап койгон.

Sondakika.com агенттиги билдиргендей, президент конституцияны жана президенттик башкаруу системасын өзгөртүү боюнча да пикирин билдирген. «Түркиянын бүгүнкү күнгө чейинки башынан өткөргөн тажрыйбалар, жаңы баш мыйзамды кабыл алууга, жана президенттик системаны өзгөртүүгө муктаждык жаратты» — деп белгилейт.

Түркия Республикасынын баш мыйзамы боюнча парламенттик-президенттик башкаруу болуп, президенттин укуктары чектелеген. Ал эми Эрдоган президенттик башкаруу системасын орнотуу боюнча пикикрин билдирип келет.