Президент банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аткарууга тийиш болгон максаттар жөнүндө айтып берди.
Куттук сөзүндө Алмазбек Атамбаев дүйнөлүк финансылык кризистерге жана саясый бурулуш окуяларга карабастан кыргыз акчасы КМШ мейкиндигинде эӊ туруктуу улуттук валюталардын бири бойдон калып жатканын белгиледи.
“Кыргызстандын банк системасы процесстик кызматтардын жана мобилдик банкингдин өнүгүшү боюнча Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү ичинде алдыӊкы саптарды ээлеп келатат. Бүт дүйнөлүк “Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүк” экономикалык форумунун рейтингине ылайык, Кыргызстан заемщиктер менен кредиторлордун укуктарын мыйзамдык коргоо жагынан алдыӊкы беш өлкө катарына кирди”, — дейт өлкө башчысы.
Ошону менен катар Атамбаев 2013 – 2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында банк системасынын алдына кредиттөө көлөмүн арттырууга жана кредиттер боюнча проценттик коюмдарды азайтууга, экономикага узак мөөнөттүү жана арзан финансы ресурстарын тартууга, калктын банк системасына ишенимин бекемдөөгө багытталган маанилүү милдеттер коюлганын билдирди.
“Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык кризис шарттарында сиздерге чоӊ жоопкерчилик жүктөлүп отурат. Мамлекетибиздин экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык ресурстарды пайдаланууга тийишсиздер», — деп белгиледи ал.