9-майда ICE биржасында соода ачылганда бир баррели 46 доллардан кымбат сатылып баштаган. Бирок саат 23:27ге бшк карата баасы $43,6га чейин түшүп кетти. Мунайдын кескин арзандашына Канадада мунай казылган аймакта болуп жаткан өрттүн алысташы жана Сауд Арабиясында энергетика тармагындагы жетекчиликтин алмашуусу себеп болду.
Financial Times белгилегендей, мунай рыногундагы баалардын туруксуздугу инвесторлордун туруксуздугун көрсөтөт. Басылманын пикиринде, инвесторлор Канаданын токойлорундагы өрт менен Арабиядагы кадр алмашуулардын кайсынысы чоңураак мааниге ээ болот болду экен деп божомолдоп жаткан маалы.
Булак: РБК