Сел Жалал-Абад, Чүй облустарында жүрдү.
ӨКМнын маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Оганталаа айлында ички чарбалык жолдорду, көпүрөнү, турак жайларды жана короо сарайларды сел суу каптаган. Сел калдыктардан Базар-Корнон-Кызыл-Үнкура унаа жолунда унаалардын кыймылы токтотулуп, жол бузулган, тазалоо иштерине ЖЭМ-50 ишканасынан 1 даана жүктөгүч тартылып, жол каттамы ачылды. Азыркы учурда жаан басандап, сел суулары азайды.
Ал эми Чүй раонунда Интернат айылында Бурана дарыясы менен Осмон каналынын кесилишинде суу ашып 1 турак жайдын айланасына каптаган. Ысык-Ата районунда Денисов айылында көчөлөрдө суулар агып жатат. Кант шаарында болсо 1 турак жайга суу кирген.