Орусия президенти Украина менен Грузия башчыларын өлкөлөр арасында жетиштүү деңгээлдеги диалог жок болгону үчүн куттуктаган жок. Бул тууралуу журналисттерге Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков айтып берди.
“Өзүңөр билгендей, өлкөлөр ортосунда диалог жетиштүү деңгээлде эмес же такыр эле жок. Орусия эч качан азыр орун алып жаткан терс процесстердин себепкери болгон эмес. Орусия бир тууган өлкөлөр менен ар дайым жылуу мамиледе болууну каалайт”, — деп билдирди ал.
9-майга карата Путин бир топ мамлекет башчыларын куттуктаган. Алардын арасында Кыргызстандын президентине дагы куттук сөздөрүн жолдогон эле. Ал эми Украина менен Грузия калкын куттуктап, бирок жетекчилерине кат жолдогон эмес деп РБК жазды.