Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Кээ бир маалыматтарда 120га чейин жеткени айтылат. Дүйнөдө аянты боюнча 3-орунда, калкынын саны боюнча 1 млрд 300 млн кишиси бар 1-орунда турган Кытайда 56 улут жашайт. Аймагы жагынан анча чоң эмес Кыргызстан кантип көп улутту өлкөгө айланып калды?
Өлкөдө эң көп санды түзгөн азчылык улут өзбектер болуп саналат. Андан кийин орустар, украиндер, немистер, татарлар, казактар, тажиктер жана башкалар.
Орто Азия, анын ичинде Кыргызстанды орто кылымдарда түрк-монгол элдери жердеп келгени белгилүү. XVI кылымда кыргыздар Теңир-Тоодо эл катары калыптангандан кийин, дээрлик азыркы Кыргызстан аймагын кыргыздар гана ээлеп калган. Фергана өрөөнүндө гана айрым өзбек, сарт, кыпчак, тажик улуттары болгон. Кокон хандыгынын күч алышы менен башка элдер өзбек, тажик, Фергана түрктөрү келе баштаган.
XVIII кылымдын орто ченинде Жуңгар хандыгын Цинь империясы талкалап салгандан кийин Ысык-Көл өрөөнүнө калмактар качып келип отрукташкан. XIX кылымдын экинчи жарымында кытай жазалоочуларынан качкан дунган, уйгур калкы Чүй, Көл, Фергана аймактарында отурукташкан.
Кыргыз жерин Орусия империясынын басып алышы менен чөлкөмдө орус, украин, немис улуттары пайда болгон. Орус менен кыргыздарга котормочу катары кызмат кылып келген татар, башкыр элдери да келе баштаган.
Советтер Союзу жаңы түзүлгөн мезгилде жарандык согуш башталат. Бул согушта совет бийлиги армян калкын колдонгон, армян аскерлери кыргыз жериндеги, айрыкча Ферганадагы басмачылык кыймыл менен согушууда пайдаланылып, алар кийин калып кеткен. Сталиндин кулакка тартуу жарлыгы чыккандан кийин кээ бир кыргыз айылдары Сибирден тарта Европага чейин жетсе, ал жакта кулакка тартылган калк биздин өлкөгө келген. Алар Чыгыш европалык, Балтика боюндагы элдер, белорустар, кавказдык улуттар эле.
30-жылдардагы Сталиндик репрессияга кабылган бир нече улут Кыргызстан аймагына көчүрүлгөн.
Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен ССРБге коркунуч туудурган деген Кавказ, Крымдан ондогон улуттар мажбурланып Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көчүрүлүп келген. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн Чүй өрөөнүндө отурукташкан көптөгөн улуттар чечен, ингуш, даргин, лезгин, карачай, крым татарлары, ахыска түрктөрү, азербайжан, армян, осетин, абхаз, авар, балкар, калмак улутундагылар согуш жылдарында көчүрүлүп келген. 50-жылдары бир бөлүгү кайтып кеткени менен бир бөлүгү ушул күнгө чейин жашап келүүдө.
Ошол эле согуш жылдары Ыраакы Чыгышта Жапон аскерлерине жардам берүүдө деген коркунуч менен он миңдеген корей улуту көчүрүлүп келген.
Ошентип, адамзат тарыхындагы эң кандуу деп эсептелген экинчи дүйнөлүк согушта 160 миңден ашуун кыргыз атуулдары жоготууга учураса, Кыргызстанда башка улуттардын эки эсе көбөйүшүнө алып келген.
Эгемендүүлүккө жетүү менен европалык, африкалык, түрк, араб, кытай, жапон, ооган, пакистан, индиялык улуттар өлкөбүздө пайда болду.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү азчылык улуттар Кыргызстан элдеринин ассамблеясын түзүшкөн.