3-апрелде иликтегич журналисттердин эл аралык консорциуму 200 өлкөнүн жана аймактардын офшорлорун аныктаган материалды жарыялаган. Иликтөөнүн натыйжасында 11,5 млн документти камтыган, 214 ар түрлүү офшордук компаниялар жана ошондой жол аркылуу пайда көрүүнү көздөгөн 140 миңден ашык белгилүү адамдар менен саясатчылар ачыкка чыккан болчу.

Журналисттердин консорциуму 9-май күнү офшорлор тууралуу документтердин топтомун жарыялап, интернет баракчасына киргизди. Ага Кыргызстандык 5 ишкер кошулду.

Алар Владимир Никонов, Турбатов Русла, Эрмек Исманкулов, Ангелина Ли жана Жолдошбек Акматалиев аттуу жарандар экени анык болду.

Безымянный

Офшор – бул бизнес ишкерлеринин чыныгы атын жашыруун сактап, салыктарды азайтып же жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген жана корпоротивдик башкаруунун жөнөкөй эрежелери колдонулган өзгөчө шарттары бар аймак же өлкө. Ошого жараша мындай жолду офшор ээлери криминалга байланышкан каражаттарды, мамлекеттик паракорчулукту жана шылуундук операцияларды ишке ашыруу максатында колдонушат.