Салык полициясы тарабынан буга чейинки кылмыш ишин териштирүүгө байланышкан тинтүү учурунда салык кызматынын инспекторунун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталган.
Жайыл районунун салык кызматынын инспектору МСКга тийиштүү мөөрдү, салык журналын, «Д» ЖЧКна тийиштүү (жоопкерчилиги чектелген коом) мунайзаттарды өткөрүүдөгү пломбуну жана КММны (күйүүчү-майлоочу материалдар) каттоо боюнча журналын өткөрүп берген деген фактынын негизинде айыпталган.
ЭККМК (Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат) билдирүүсү боюнча, Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 304 беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.