Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып салынды.

230 мал башын жайып жүргөн тажик жараны Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин чек ара кызматы кабарлады. Малчы 9-май күнү Лейлек районундагы Кайрагач аймагында кармалган. Айып пул салынгандан кийин ал тажик чек арачыларына өткөрүп берилди.