Бүгүнтөн тартып тротуарларды жана ирригация системасын оңдоо үчүн Дэн Сяопин (Чүй) проспектинен тартып Профсоюз көчөсүнө чейин жабык болот. Оңдоо иштери бүткөнгө чейин унаалар өтө албайт.

Жасала турган жолдун узундугу 2,5 чакырымды түзөт. Мэрия билдиргендей, оңдоо иштерине жалпы 114,8 млн сом каралган. Жол кайра качан ачылаары азырынча белгисиз.

Шаар жетекчилиги айдоочулардан кечирим сурап, тыгын жаралбашы үчүн башка маршруттарды түзүүгө чакырат.