Фашисттик Германиянын жеңилишине ССРБдеги ар бир улут өзүнүн опол тоодой салымын кошкон. Советтер Союзу жоюлуп кеткенден кийин жеңиш күнүн ар кайсы өлкө ар түрдүү белгилеп келет. Кечээ күнү Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленди.
Белорусия, Украина жана Молдавия
Жеңиш күнүн белорусиянын ар бир облусунда салтанаттуу жүрүш менен белгилешти. Көчөгө чыккан эл «Белорус унутпайт» деген ураан менен согушка катышкан ардагерлерди аянтка алып келишти. Белорустун куралдуу күчтөрүнү катышуусунда аскердик парад болуп өттү. «Өлбөс полк» акциясында 5 миңдеген белорустар согушта катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп алып, өчпөс отко гүл коюшту.
Ал эми Украинада согуш ардагерлерин куттуктаганы президент Петр Порошенко, премьер-министр, спикер жана Киев шаарыны мэри эл алдына чыгып сөз сүйлөп, баатырларга арналып тургузулган эстеликке гүл коюшту.
Ошондой эле Одесса шаарында да «Өлбөс полк» акциясына миңдеген адамдар катышты.
Украинанын борбор шаары Киевде бир нече украин жаштары «Түбөлүк даңк» паркындагы өчпөс отко келип, украин желегин көтөрүшүп, антиорустук лозунгдарды кыйкырышты. Полиция менен кагылышуу болуп, анан эл таркап кеткен.
Молдовада 10 миңдеген эл борбор шаар Кишиневде «Өлбөс полк» акциясына туугандарынын сүрөттөрүн көтөтрүп чыгышты. Ошондой эле, кызыл желекти көтөрүп, георгий тасмасын тагынып жүрүшкөн. Президент 71 жылдык Жеңиштин майрамы менен элдерди куттуктады.
Кавказ
Арменияда президент Серж Саргсяндын катышуусунда белгисиз баатырдын эстелигине гүл коюу менен башталып, салтанаттуу аскердик парад болуп өттү.
Жеңиштин 71 жылдыгы Азербайжанда белгиленди. Борбор шаар Бакуда салтанаттуу жүрүш болду.
Грузиянын борбору Тбилиси шаарында президент, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда баатырларга арналган эстеликке гүл коюшуп, ардагерлерди кутуктташты.
Ошондой эле, Абхазиянын борбору Сухумиде да салтанаттуу жүрүш болуп, эстеликке гүл коюшуп, өкмөт башчы ардагерлерди куттуктады.
Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиде 9-майда аскердик парад өттү. «Өлбөс полк» акциясына 4,5 миңдей адам катышты.
Борбордук Азия
Казакстандын түштүк борбору Алма-Атада 15 миң адамдын катышуусунда «Өлбөс полк» акциясы болуп өттү. Ал эми президенти Нурсултан Назарбаев Маскөөдөгү майрамдык салтанатка катышты. Астанада 3 миң адам катышуусунда «Өлбөс полк» акциясы болуп өттү.
Тажикстан менен Өзбекстан жылдагыдай эле майрамдады. Тажикстандын борборунда 100 адам чогулуп, акция өткөрүштү.
Ал эми Өзбекстанда президент Ислам Каримов эгемендик жылдардан бери алгач ирет Ташкендеги “Аза күткөн эне” эстелигинин алдына барып, гүл койду. Бул эстелик Экинчи Дүйнөлүк согуш курмандыктарына арналып тургузулган. Каримов 8-май күнкү куттуктоосунда “Улуу Ата-мекендик согуштун 71 жылдыгы, Жеңиш майрамы мамлекетибизде кеңири белгиленет” деп билдирген.
Прибалтика
Латвия менен Литвада 9-майды салтанаттуу майрамдашты. Бийлик өкүлдөрү согуш ардагерлерин жана элди жеңиш майрамы менен кеуттукташты. Эл «Өчпөс полк» акциясына чыкты.
Эстонияда расмий түрдө бул күн майрамдалбайт. Жөн гана карапайым калк көчөгө чыгып, эстеликке гүл койду. Кечинде гана орус элчилиги даярдаган концерт ардагелер үчүн коюлду.
Риа Новости жазгандай, башка мамлекеттер тарабынан таанылбаган Приднестровье, Донецк, Луганск жана Тоолуу Карабакта да бул күн салтанаттуу майрамдалды.
Ал эми ССРБдин түз мураскору деп эсептелген Орусиянын аймагында жеңиштин 71 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Анда жалпысынан салтанаттуу жүрүшкө 24 млн адам чыкты. 8 миңдей калктуу пункта 15 миңдей иш чара болуп өттү. Маскөөдө «Өлбөс полк» акциясына 7 млн адам чыккан.
Ал эми Бишкекте 18 миң адамдын катышуусунда «Өлбөс полк» акциясы түштүк дарбазадан башталып, өчпөс отко чейин уланды. Президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерди кутукттады.