Бирок, Германия элчилиги Шенген келишимине кирген баардык 26 өлкөгө виза берсе, швейцариялыктар Франция менен Финляндияга гана берет.

Германия элчилиги билдиргендей, туристтик сезон жүрүп жаткан маалда (май-август) виза алууга кайрылгандардын саны кескин көбөйөт. Жүктү жеңилдетүү үчүн Швейцария элчилиги көмөктөшмөкчү.

Франция менен Финляндияга Шенген визасын Швейцария элчилигинде 1-июндан тарта алып баштоого мүмкүн болот.