Алар негизинен Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорундагы Военно-Антоновка, Ново-Павловка, Лебединовка айыл өкмөттөрүндө курулуп, көйгөй экендиги парламентте “Жер участкаларын трансформациялоо” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда белгилүү болду.

Депутат Мирлан Бакиров турак жай курууга жер бөлүү жаатында айыл өкмөттөрүнүн, архитектура мекемелеринин уруксатысыз фундамент кура алмак эместигин, ошол маалда шылуундар бул маселенин каймагын калпып, азабы ушинтип карапайым элде калып калгандыгын белгиледи. Депутаттар Өмүрбек Текебаев, Жыргалбек Турускулов анклав болуп калган жерлер аталган мыйзам долбооруна кирбеши керектигин айтып, мыйзам долбоорун бөлүп алып келүүнү сунушташты.

Айыл өкмөтүнүн, райондук администрациянын тиешелүү чечимдери чыгып, өкмөттөн чечиле турганда мораторий кабыл алынып калгандыгы, андыктан өз маалында өз каражаттары менен үй кургандардын күнөөсү жоктугу айтылып, мыйзам долбоорун колдоо менен мындан ары мындай маселе жаралбагандай олуттуу мамиле зарылдыгы белгиленди.

Депутаттар Иса Өмүркулов, Узарбек Жылкыбаев, Таалайбек Масабиров 2009-жылга чейин курулган үйлөрдүн ээлеринин тизмеси, реестри коомчулукка ачык айкын болушу керектигин айтышты.

Талкууда анклав сындуу айрым маселелерди шек жаратпагандай тактоо үчүн комитетке кайтаруу сунушталса, айрым депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен такталбаган маселелерди 2-окууга чейин тактоого жиберүү керек деген пикирлер ортого түштү.