Скутер аттуу сиам мышыгы 1986-жылдын 26-мартында туулган. Учурда Техас штатындагы Мэнсфилд шаарында жашайт.

Негизи, рекорд 38 жыл 3 күн жашаган Техастык Крем Пуф аттуу мышыкка таандык. Ал эми Скутер сиам породасындагы мышыктардын арасынан эң көп жашаганы көңүл бурду.

Скутердин ээсинин пикиринде, мышык активдүү болуп, туура тамактанганы үчүн узак жашоодо. Ал тоок этин сүйүп жеп, сууга түшкөндү аябай жакшы көрөт.

Ветеринарлардын айтымында, Скутер – эрки күчтүү өзгөчө мышык.

Булак: ria.ru