Өлкөдөгү көп балалуу энелерге «Баатыр эне» орденин жана «Эне даңкы» медалын ыйгаруу боюнча жарлыкка Алмазбек Атамбаев кол койду.
Конституцияга ылайык, «Баатыр эне» ордени менен толук түрдө жетиден ашык баланы тарбиялаган 1902 эне жана «Эне даңкы» медалы менен толук түрдө алты баланы өстүргөн 437 эне сыйланары бекитилди.
Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билиргендей, аталган жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.