Митингди бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү уюштуруп, аталган мыйзамды ЖК тездик менен кабыл алганына нааразы болууда.

Мыйзам долбоордун авторлору мурунку чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, Надира Нарматова.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитети үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоордун авторлорунун бири экс-депутат Турсунбай Бакир уулу бейөкмөт уюмдар жылына 1-2 жолу милдеттүү түрдө өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берип туруусу керек экенин айткан.