1916-жылкы окуялар тарых окуу китептеринде улуттук-боштондук күрөш деген ат менен берилип келсе, көркөм чыгармаларда көбүн эсе «Үркүн» аталышында айтылып жүрөт. Ал эми массалык маалымат каражаттары дээрлик «Үркүн» деген аталыштар менен атап келет.

100 жыл мурунку окуяларды кандай туура атоо керек? Saat.kg изилдеп көрдү.

Негизинен, «Үркүн» аталышынын келип чыгышы түрк элдеринин, анын ичинде кыргыз элинде кездешкен «үрк» сөзүнүн «коркуу», «чоочуу», «кооптонуу», «санаа тартуу»,  «селт этүү», «качуу» сыяктуу маанилеринде кездешет.

Ал эми коомчулук арасында айрым жазуучулар, тарыхчылар «үркүн» деген сөзгө каршы чыгып, кыргыз элин шылдыңдоо ирээтинде чыгарылганын белгилеп келишет. Себеби, кой үркөт, жылкы үркөт, адам үркпөйт, адам коркот, чоочуйт жана башка мисалдарды айтып келишет. Алар «үркүн» деген сөздүн ордуна «кыргын» деген сөздөрдү колдонуу зарылдыгын баса белгилеп келишет.

Кыргыз саясатынын активдүү өкүлдөрүнүн бири, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Орусия империясы жана совет доору кезинде башка элдерге кыргыздар үркүп, качып кеткен деген бир формулировка керек болгон деп пикирин коомчулукка билдиргени бар.

Нурсултан Абидмиталип уулу иликтеп чыккан «»Үркүн» этимологиясынын чечмелениши жана анын саясий лексикондогу мааниси» аттуу макалада «Үркүн» аталышын туура деп атап, көптөгөн тарыхый булактарды мисал келтирип, аны колдонуудан качпаш керек экендигин белгилеген.

«Үркүн» сөзү түрк элдеринде, анын ичинде кыргыз элинде бери дегенде эле карахандар доорунан баштап жашап келе жаткандыгын тарыхый булактар далилдеп турат. Үркүн сөзү эч кандай малга катары колдонулган эмес. Бул сөзгө каршы чыгуунун өзүн түркөйлүк катары караса болот. Ошондуктан, тээ байыртан колдонулуп келе жаткан үркүн сөзүнө каршы чыккан замандаштарыбыздын демилгеси таптакыр туура эмес жана бул сөзгө асылууга эч кандай негиз жок деп жыйынтыктайт.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун «1916-жыл. Эркиндик үчүн күрөштүн барактары жана сабактары» аттуу макаласында бул маселеге кыскача кайрылып өтүп, «Үркүн» термини көбүнесе «Кыргыздардын жер которуусу» же «Кытайга качуусу» деген түшүнүктө пайдаланылаарын жазган. Профессор Жеңиш Жунушалиевдин «үркүн» деген түшүнүк Махмуд Кашкаринин сөздүгүндө да жогорудагыдай түшүнүктө берилээрин, андыктан аны колдонуудан качпашыбыз керек деген көз караштарын белгилешкен.

Ал эми тарыхчы Чыңгызхан Амантур уулу 1916-жылдагы окуяны жалпы «Үркүн» деп атоо туура эмес, «Үркүн» Улуттук-боштондук күрөштүн бир гана бөлүгү деп эсептейт.

«Бирок «Үркүн» сөзүнөн баш тартканга да болбойт. Анткени, ал Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө XI кылымда эле айтылган. Андан сырткары, Молдо Кылычтын 1916-жылкы окуядан жарым кылым мурда «байыркыны үркүнү көчүп жүргөн күн-түнү» деген ыры бар. Бул элдин көчүүсүн, жер которуусун билдирип турат. Демек, «үркүн» бул көтөрүлүштүн экинчи этабы. Азыр көтөрүлүштүн себебин, көтөрүлүштүн өзүн, Кытайга качканды, кайтып келгенди да «Үркүн» деп атай берүү туура эмес», — деп Saat.kgге маалымат бөлүштү.

Ал эми Үркүндөн мурда көтөрүлүштү көрсөтүш керек деп эсептеген тарых илимдеринин кандидаты, профессор Шейшеканов Турдубек белгилейт.

«Үркүн термининен баш тартуу да туура эмес, аны да айтыш керек. Бирок үркүн деп айтуудан мурда, адегенде, 1916-жылдагы алгачкы окуяны ачып көрсөтүш керек. Себеби, көтөрүлүш алдында атайын тактика болгон. Ал эмнеден келип чыкты? Ошону көргөзбөй эле жалпы «Үркүн» деп атай берүү туура эмес. 1916-жылкы окуяга чейин себептери, өбөлгөлөрү болгон. Алгач кыргыздын бай-манаптары, бийлери, хандары, аттуу-баштуулары чогулуп көтөрүлүштүн тактикасын ойлоп чыгышкан. Эгер жеңсек, орустарды сүрүп салабыз, жеңилсек Кытайга качабыз дешкен. Ошондо биринчи этабы — тактикасы, 2-этабы — көтөрүлүштүн өзү, 3-этабы — андан жанын сактап калыш үчүн качуу «Үркүн» болуп жатпайбы. Бүгүн айрыкча ММК жана эл оозунда жалпы эле үркүн деп тарап кеткени туура эместигин» — Saat.kgге билдирди.

Nарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев «Үркүн» термининин окуу китептеринен, илимий адабияттардан жакында такыр алынып салына тургандыгын белгилейт.

Ал эми «Үркүн» аталышына каршы чыккан инсандардын бири акын, жазуучу Баяс Туралдын пикиринче «үркүн» сөзү кыйыр маанисинде, анан түз маанисинде айтылат. Түз мааниси малга гана айтылып, адамга айтылбайт. Мисалы, адабий маанисинде чөп үрктү деп айтылат. Анан адабий терминди саясий термин кылып, кыйыр маанини колдонгон туура эмес деп эсептейт.

«Терминди түз маанисинде алып караганда да, эгер мал кыргынга учурабай карышкырдан же чөөдөн чочуп качып, кайра келсе «үркүн» деп атоого болот. Ал эми орус аскерлери кыргыздарды артынан сая кууп жаш-кары, бала-чака, кемпир-чал дебей чилдей кырган. Түздүктө, тоодо, ашууда эч бир аяган эмес. Анан кантип бул окуяны «үркүн» деп атаса болот? Махмуд Кашгари китебин көтөрүп алып, далил кылып жүргөндөрдү мен кайра окугула деп айтар элем. Эгер 1916-жылы эл кыргынга учурбай кайрылып келсе, «үркүн» деп атоого болот эле. Анын мааниси окуянын жүрүшү боюнча үркүн эмес, кыргын болгон. Мисалы, ошол окуяны көргөндөр деле баса белгилеп, үркүн деп айткан эмес да. Жазуучулар «Кандуу жылдар», «Азган эл», «Кайран эл», «Ажал ордуна» деп берип келишпеди беле. Менимче, мында советтик идеологиянын таасири болгон. Алар орустарды жаман көргөзбөш үчүн кыргын деген сөздү алмаштырыш керек болгон да «Үркүн» деген терминди ойлоп табышкан» — деп Saat.kgге белгиледи.

1916-жылы Кытайга качып барып, кайтпай калган кыргыздар жана эзелтен бери ал жакта жашаган кыргыздар бул терминди качкын аталышында берип келишет. Ал эми бул окуяны казактар улут-азаттык күрөш деп аташат. Эске салсак, 1916-жылы кыргыздар менен кошо 50 миңге жакын казак Кытайга качкан.

Бөлүшүү