Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзгөн аудитте музей баалуулуктарын эсепке алуу жана сактоону камсыз кылуу, мыйзам талаптарына туура келбегендигин белгилеген.
176 буюмга четтөө бар, ал эми 47 искусство буюмдары эки жолу жаңылыш жазылган.
Аудиттин жүрүшүндө музейдин жетекчилиги, 1967-1968-жылдардан бери музейде жок 111 буюмду эсептен чыгаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын түшүндүргөн.
Инвентаризациялоодо жалпы наркы 941 миң сомдук ашыкча товардык-материалдык баалуулуктар аныкталгандыгы, ал аудиттин жүрүшүндө музейинин балансына кириштелгени аудит тарабынан белгиленген.