Китепте кыргыз элинин каада-салттарынын табияты, салттуулуктун эволюциялык маңызынын тарыхый-философиялык, теориялык-методологиялык ыкмалардын негизинде көп түрдүүлүгү, өзгөчөлүктөрү иликтенген.
Ошону менен бирге, каада-салттардын ырааттуулугу, анын улуттук маданиятка тийгизген таасири талдоого алынган. Китептин аталышы “Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы”.
Илимий эмгектин авторлору: УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору О.А.Тогусаков, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору М.Ж.Жумагулов жана философия илимдеринин кандидаты Ж.К.Асанов.
Китеп быйыл тарых жана маданият жылына арналды.