Китепте кыргыз элинин каада-салттарынын табияты, салттуулуктун эволюциялык маңызынын тарыхый-философиялык, теориялык-методологиялык ыкмалардын негизинде көп түрдүүлүгү, өзгөчөлүктөрү иликтенген.

Ошону менен бирге, каада-салттардын ырааттуулугу, анын улуттук маданиятка тийгизген таасири талдоого алынган. Китептин аталышы “Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы”.

Илимий эмгектин авторлору: УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору О.А.Тогусаков, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер,  философия илимдеринин доктору М.Ж.Жумагулов жана философия илимдеринин кандидаты Ж.К.Асанов.

Китеп быйыл тарых жана маданият жылына арналды.

Бөлүшүү