Германияда коомчулуктун Ангела Меркелге болгон ишеничи азаюуда. Соңку жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча, германиялыктардын 2/3си Меркелди кайрадан канцлер катары көрүштү каалашпайт.
Insa изилдөө фирмасынын Жижеро журналы үчүп жүргүзүп берген сурамжылоосунда германиялыктардын 64% Ангела Меркелдин 2017-жылы өтө турган шайлоодо кайрадан канцлер болушуна каршы экенин билдирген.
Сурамжылоо боюнча, эркектердин 66,1%, аялдардын 61,9% Меркелге каршы болгон. Жаш куракка салыштырганда, 45-54 жаштагылар каршы болушкан. Саясий партиялар арасында да шайлоодо Алтернатива партиясынын (АФД 96,2%) жана Солчулдар Партиясынын шайлоочулары (87,6%) каршы болушкан.
Билим берүүнүн жана каржы кирешенин төмөндөшү Меркелге болгон колодоочуларды азайткан. Жөнөкөй калктын 74,8% Меркелдин төртүнчү жолу канцлер болушун каалашпайт. Мектеп жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн 58,2% колдобосо, айына 1000 евро айлык алгандардын 74,2%, ал эми 4 миң евро айланасында алгандардын 56,5% пайызы Меркелдин кайрадан канцлер болушун каалабайт деп milliyet.com.tr жазды.
Ангела Меркель 2005-жылы 611 депутаттын 397 добушун алып, Германия Федеративдүү Республикасынын федералдык канцлери болуп шайланган. Ал өлкө тарыхында эң жаш жана биринчи аял канцлер болгон.