Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, шааниси менен нике күбөлүгүнө ээ болууну каалагандар документ менен камсыз кылуучу мобилдик группалардын борборуна кайрылууга тийиш. Катталуу үчүн 5500 сомдук төлөмдү төлөп, атайын кызматтан пайдалана алат.
«Мурункудай жубайлар каалаган убакта, каалаган үйлөнүү жайына нике күбөлүгүн расмий түрдө тапшыра турган администрация кызматкерин чакыра албай калышат. Анткени, мурун алардын кызматынын акысы өз чөнтөгүндө калчу. Эми аны мамлекеттин бюджетине түшүрүү үчүн мындай ыкма ишке киргизилди», — дейт каттоо кызматынын өкүлү Элзат Кыдырмышева.
1-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларындагы борборлор иштеп жатат. Жакшы жыйынтыктарды көрсөтө турган болсо, башка облус, райондорго да бекитилип, күчүнө кирет.
Ал эми Бишкектеги калган бакыт үйлөрү өз калыбында иштей берет.