Курулуш Тажикстанда долбоорго тиешеси бар өлкө жетекчилеринин катышуусунда башталат. Ал үчүн бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки күндүк сапары менен бармакчы.

CASA-1000 долбоорунун максаты – Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн өткөрүү зымдарын куруу. Тараптар баардык документтерге 2015-жылы кол коюшкан.

Долбоор боюнча Кыргызстан менен Тажикстан жылына 1 миң 300 МВт электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.