Нариман Түлеев 2008-жылдын апрель ыңкылабына чейин Бишкек шаар мэри болуп иштеген. 2012-жылы 21-июнда камакка алынып, сот аны Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сом зыян келтирди, бир бала бакчаны сатып жиберген деп, 11 жылга эркинен ажыраткан.

Айыбын төлөп, абакта 4 жыл отургандан кийин экс-мэр амнистия менен эркиндикке чыкты. Бул арада Түлеевдин айланасында түрдүү саясий оюндар болуп жатты.

Жакындары байма-бай митинг өткөрүп турушту

Түлеевди камакка алгандан кийин эле анын жердештери Нарын шаарында миңден ашык адамдын катышуусунда митинг өткөрүштү. Алар аны бошотууну талап кылышкан. Талаптары аткарылбаса, жөө жүрүш, ачкачылык жарыялай турганын айтышкан. Андан кийин дагы анын тарапташтары митинг уюштуруп жүрүштү. Жолду тосо тургандарын дагы айтышкан. Айтор, митинг өткөрүп дагы, өткөрөбүз деп пландап да жүрүштү.

Ортодо Түлеевдин ден соолугу да начарлады

Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаев ММКларга Түлеевдин ден соолугу начарлап кеткенин айтып берген. Диагнозу — “плазмацетома”. 2009-жылы ал гайморит менен ооруганда олуттуу оору бар экени шек жараткан. Ага Москвадан операция жасалып, шишик бар экени аныкталган. Аскердик- медициналык кызматтын башкы врачы кызмат абалынан пайдананып, Түлеевдин тууганынан онкологиялык оорудан сакайтуу үчүн 7 миң 500 доллар талап кылган экен. Дарыгерге кылмыш иши козголгон.

Нарымбаев менен Коркмазовдун былыгы чыкты

Нарымбаевдин камалышы интернетте какшык жараткан

Мурунку чакырылыштын депутаты Хажимурат Коркмазов Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Башкы прокуратура Нарымбаев депутат Коркмазов аркылуу Түлеевдин жакындарынан 7-майда 50 миң доллар алганы аныктап, Нарымбаевге кылмыш иши козголгон.

Көптөн күткөн эркиндик

Өзү айткандай, Улуу Ата-мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталса, 21-июнда камакка алынган. Ал эми 9-май жеңишке жетишсе, Түлеев 7-майда камактан чыгарылган. Ал мамлекеттин эсебине 33 миллион сом зыян келтирди деп кармалып, ушул убакытка чейин анын туугандары болжол менен 61-62 миллион сом төлөгөндүктөн эркиндикке чыккан. Ал бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, акчаны төлөп, күнөөнү моюнга алгандык эмес экенин айтты. Мындан тышкары, эл аралык сотко кайрылганга документтерди даярдап жатканын билдирди. Бирок соттон утуп чыкса да берилген 61 миллион сомду кайтарып албай турганын кошумчалады.