Мындай демилгени президенттикке талапкер Хилари Клинтон көтөрүп чыкты. Анын пикиринде, өлкө борбору Вашингтон шаарын өзүнчө штат катары белгилөө зарыл.
Вашингтон шаары Колумбия аймагына карайт. Конгресстин өкүлдөр палатасында аймактын атынан бир гана делегат бар. Ал процедуралык маселелер боюнча добуш берүүгө укуктуу. Толук курамдагы палатада болсо делегат добуш бере албайт.
Ал эми жогорку палата Сенатта Колумбия аймагынын бир дагы өкүлү жок. Вашингтондун жашоочулары буга нааразы болуп келишет. Алар борбор шаар штатка теңелишин талап кылып келишет.
Колумбияны өзүнчө штат деп атоону буга чейин учурдагы президент Барак Обама дагы сунуштаган эле деп “Эхо Москвы” жазды.