Патрик Дали — чакан жана орто бизнести колдоо, соода жана экспортту өнүктүрүү боюнча 25 жылдык тажрыйбасы бар эксперт. Ал Франция, Македония, Молдова, Албания, Ирландия, Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүндө жана башка бир топ өлкөлөрдө инвестиция тартууда өзүн көрсөтө алган.

Дали 14-15 майда Кыргызстанда инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин адистери үчүн семинар өтмөкчү. Окууга Нарын, Жалал-Абад жана Ош облусундагы өкүлдөр дагы келип катышат.

Агенттик өзү билдиргендей, семинарда сырттан инвестиция тартуунун негиздери жана компоненттери, стратегия түзүү, тармактар боюнча сунуштарды даярдоо үйрөтүлөт.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү