Маалымат жыйында Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев абактан бошотулушу тууралуу айтып берүүдө.

Ал 2012-жылы 21-июнда камакка алынган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту аны Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сом зыян келтирди деп, 11 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле, бала бакчалардын бирин сатып жиберген деп айыпталган.

Мурунку жуманын 7-майда эркиндикке чыккан. Нариман Түлеевге таандык мүлктөрдүн баардыгы мамлекеттин эсебине өткөрүлөт.