Бирок мунайдын көлөмү менен эсептегенде 2016-жылдын үч ай ичинде экспорт 4,6 пайызга көбөйдү.
Акчалай эсептегенде былтыркы жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу экспорт 38%га азайып, 14 млрд 93 млн долларды түздү. Былтыр ушул мезгилде мунай сатуудан Орусия 22 млрд 726 млн доллар пайда көргөн эле. 2016-жылдын январь-мартында ОФ 61,95 млн тонна мунай экспорттоду.
Ал эми газды экспорттоодон түшкөн кирешеси биринчи кварталда 29%га азайды деп DW жазып чыкты.