Депутат Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла албай калат деп сарсанаа болуп жатканын айтты.
“Биз Казакстандан цемент жана этти сатып алып баштадык. Мурун мен буга ишенбейт элем. Ун тармагын биротоло жоготуп алдык. 10 миң киши жумушсуз калды. 10 миң үй-бүлө кирешесиз калды”, — деп Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.
Эл өкүлү келечекте Кыргызстан башка өлкөдөн көз каранды болуп калышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Анын айтымында, импорт 80%га жакындап калды.