ЖКЭАУнун башкы ассамблеясынын сессиясына 45 өлкөнүн делегациялары катышууда. Уюмдун башкы кеңсеси Женевада (Швейцария) жайгашкан. 1958-жылы түптөлгөндөн бери башка өлкөдөгү алгачкы сессиясы бүгүн Бишкекте өтүп жатат.
22-сессиянын жүрүшүндө башкы ассамблеянын төрагасы, анын орун басары, аткаруу кеңешинин мүчөлөрү, жаңы мүчө болчу өлкөлөр жана байкоочу мамлекеттер шайланат. Андан тышкары, баш катчынын баяндамасы каралып, 2017-2018-жылга карата программа бекитилет.