Документ буга чейин эки окууда кабыл алынган эле. Акыркы, үчүнчү окууда депутаттар 65 добуш менен аны четке кагышты.
Расмий түрдө мыйзам долбоору “Чет элдик коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” деп аталат. V чакырылыштын депутаттары аны сырттан каржыланган уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн иштеп чыгышкан.
Эл ичинде ал “чет элдик агенттер” мыйзамы деген атка конуп, өкмөттүк эмес уюмдар аларды чектөө аракети катары бааалашкан.
Мыйзам долбоорунун мааниси жөнүндө бул жерден окусаңыз болот.