Уюмдун башкы катчысы Александр Кувшинов жакында Бишкекте өткөн аткаруу кеңешинин 49-сессиясынын жана башкы ассамблеясынын 22-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу президентке маалымат берип, жылуу кабыл алууну жана иш-чаралардын эң жакшы уюштурулганын белгиледи.

Мамлекет башчы Бишкекте өткөн уюмдун отурумдарынын маанисин белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин айтты.

Мамлекет башчысы ошондой эле Фагниди Фиакре Адам Килини  эл аралык жарандык коргонуу уюмунун башкы ассамблеясынын президентик кызматына шайланышы менен куттуктап, анын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга уюмдун башкы катчысынын орун басары жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов катышты.

Бөлүшүү