Дүйнөлүк банк демилгелей турган «CASA-1000» долбоорунун наркы 1,17 млрд доллар деп белгиленген. Төртүнчү өлкө болуп долбоорду колдоп жаткан Кыргызстан электр линияларын өткөрүүгө  233 млн доллар сарпташы керек болуп, аны насыянын эсебинен ишке ашырууну көздөп жатат.

каса 1000

Келечекте көптү үмүттөндүргөн долбоор 2019-2020-жылдары ишке ашат деп болжолдошууда. 1300 мВт кубаттуулугу бар түйүндөрүн куруп, Тажикстан менен Кыргызстан 1 кВт саат электр энергиясын Ооганстанга 9,41 цент, ал эми Пакистанга 8,11 центтен сатууну пландоодо.

Долбоордо негизгилерден болуп экспорттоо жагы каралганы менен Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгынан улам коңшу мамлекеттерге кайрылууга мажбур болуп келет.  Өткөн жылы Тажикстандан 1 кВт саат электр энергиясын 2,5 центтен сатып алган. Быйыл эле Казакстандан  218 млн кВт саат электр энергиясын сатып алууга туура келип жатат.

«CASA-1000» долбоору — бул эл аралык каржы фонддорунун күчү менен ишке аша турган авантюралык долбоор. Экспорттоону ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга дагы 15-20 жылдай убакыт керек. Ошондо да эгер «Камабар-Ата-1» ГЭСин же Жогорку Нарын ГЭС каскадын бүгүнтөн баштап куруп баштасак, жетишип калышыбыз мүмкүн. Ал эми аныгын билбей туруп, чогуу-чаран долбоорду ишке ашырабыз деген тобокелчиликтер бул жаңылыштык», — деп эсептейт энергетика тармагы боюнча эксперт Базарбай Мамбетов.

Экспорттоо ишке ашып баштагандан кийин 233 млрд доллар суммасындагы насыяны Дүйнөлүк банкка кайтарып берүү электр энергиясын сатуу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн. Бирок ал 3-4 жылдын ичинде күчүнө кирип, Кыргызстан карызды төлөй алабы деген суроо да туулбай койбойт.

каса 2

Эксперт Карыпбек Алымкуловдун пикиринде, Ооганстан менен Пакистанга экспорттону жайкысын ишке ашырсак болот. Бирок Токтогул суу сактагычын толтурбай сатып жиберсек, кышкысын кайра импортко муктаж болуп калып жатабыз.

«Үч жылдын ичинде курулбай жаткан электр станцияларынын курулушун бүтүрүшүбүз керек. Жогорку Нарын ГЭС каскады токтоп калды. Дагы бир Кара-Кечеге курула турган жылуулук электр станциясынын долбоору бар. Эгерде ал курулуп калса, анын 1 млн 200 миң мВт кубаттуулугу болот. Ага чейин бул долбоордун ишке ашышы Кыргызстан үчүн белгисиз болуп турат», — дейт ал.

Отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Үмбөталиевдин айтымында, акча бөлүп жаткан Азия өнүктүрүү Банкы 1 млрд 100 млн долларды каржылашы керек эле, бирок, былтыр алар долбоордон чыгып кетти. Анткени алардын да көзү жетти. Бир тарабынан Ооганстан менен Пакистандагы согушуулар чочулатты.

«Тажикстан үчүн эки өлкөгө электр энергиясын экспорттоо ыңгайлуу. Жайкысын алар тоскоолдуксуз берип тура алышат. Андан көрө Кыргызстан Кытайга «Датка-Кемин» линиясын улантса болмок. Ал эми Тажикстанга тартыла турган линия 477 км узакка созулуп, 220 млн долларды талап кылат», — дейт ал.

Ал ортодо энергетика министрлиги электр энергиясына тарифтерди өзгөртүүнү сунуштады.

Бөлүшүү