Коңшу өлкөнүн командасы Бишкекке эгемендүүлүк күнүнүн алдында, 30-августта келет.
Матч эч бир турнирдин алкагында өтпөйт. Жөн гана достук беттешүү болоору FIFA сайтында жазылган.
Андан бир жумадан кийин, 7-сентябрда, Кыргызстан курамасы Филиппин менен достук матчын өткөрөт. Таблицада командабыз биринчи турганына караганда оюн Кыргызстанда өтөт. Бирок матч кайсы өлкөдө өтөөрү так жазылган эмес.
2-июнда Кыргызстан курамасы Ташкентте Өзбекстан менен беттешет.