Мамлекеттик статистикалык комитети 2016-жылдын төрт айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгын чыгарды.
Бул мезгилде өлкөнүн ички дүң өнүмү 108 млрд сомду түзүп, 2015-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 4,9%га төмөндөп кетти. Ички дүң өнүмдүн төмөндөп кетишине транспорт жана өндүрүш жана башка тармактарынын көлөмүнүн азайышы таасирин тийгизген.