Жанни Инфантино Семетей Султанов менен Мехико шаарындагы ФИФАнын конгрессинин ачылышында жолугушуп, КРнын Футбол федерациясын жемиштүү иштеп жатат деп жогору баалады. Мындан ары да чогуу-чаран иштешүүгө кызыкдар экенин белгилеп, ар дайым колдоого даярдыгын билдирди.

Азыркы тапта өтүп жаткан Эл аралык футбол федерациясынын конгрессине 209 мүчө катышып, анда 2015-2016-жылдардагы Цюрихте өткөн эки конгресстин жыйынтыктары талкууланганын футбол федерациясы билдирди.

Бөлүшүү