Алмазбек Атамбаев бийчи Атай Өмүрзаков жана «Тумар КР» бийчилер тобу менен сыймыктана турганын айтты.

«Силер бардык кыргызстандыктарды шыктандыруу менен гана чектелбестен кажыбаган эмгек жана жеңишке жетишүү үчүн болоттой бекем эрк болсо,  кандай гана бийиктиктер болбосун багындырууга болорун өз мекендештериңерге көрсөтүп жатасыңар», — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчынын айтымында, өлкөдө татыктуу көрсөтүп жүргөн таланттуу, күчтүү жаштар көп.

«Мен мындай жакшы жөрөлгөлөрдү ар дайым колдоп келгем жана мындан ары да колдойм. Кыргызстандын даңкын чыгара бергиле! Силерге мындан аркы жеңиштерди, чыгармачылык шыктанууну жана ийгиликтерди каалайм», -дейт Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев «Тумар КР» бийчилер тобуна Лондондо өтө турган Улуу Британиянын ITV телекорпорациясынын «Britain’s Got Talent» телесынагына баруу үчүн акча каражатын бөлдү.

Бөлүшүү