Президент Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев социалдык-экономикалык өнүгүү, туристтик тармактагы аткарылган иштер жана ишке аша турган долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Асхат Акибаев ошондой эле дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө да айтып берди.
Мамлекет башчы туристтерге жакшы шарт түзүп берүү зарыл экенин белгиледи.