Адам укуктары боюнча ар жылдыктын 2014-жылдагы мамлекеттик жана жарандык коомдун иш аракеттери тууралуу талкуусунда сөз кылынып, 2015-жылы ММКда балдарга болгон зомбулук боюнча көп фактылар катталганы аныкталды.

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылы балдарга карата сексуалдык зомбулуктун 140 учуру катталган. Алардын жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштар 2011-жылга салыштырмалуу 83 пайызга өскөн.

2015-жылдын башталышындагы бир айдын ичинде №3 балдар ооруканасына 2 жаштан 8 жашка чейинки сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан 5 бала алынып келинген. Зомбулук иш аракеттердин 90 пайызы алардын мас абалындагы туугандары жана жакындары тарабынан болгону аныкталган.

«Алар бардык жерде – үйдө, мектепте, көчөдө зомбулукка дуушар болушат. Муну багышы жана коргошу керек болгон жакын адамдары эле жасашат. Үй бүлөнү уят кылбоо үчүн кайра жаап-жашырып коюшат. Ага күбө болгон кошуна, туугандар деле «биздин ишибиз канча?» дегенсип, кабар бербестен көз жаздымда калтырышат», — деген тариздеги пикирлер адам укугун коргоо боюнча кеңеш тарабынан айтылды.

Кеңештин маалыматы боюнча, Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, коргоо жана алардын тамырына балта чабуу боюнча атайын мамлекеттик программа, концепция же стратегия жок. Бул көйгөй башка чектеш маселелердин алкагында түрдүү мамлекеттик документтерде гана каралган. Мамлекеттик саясатты аныктоочу туруктуу иштеген координациялык институттун жоктугунан улам, өкмөткө караштуу Социалдык коргоо боюнча жана Ювеналдык юстиция боюнча мекемелер аралык координациялык кеңештер иш алып барат.

Ал эми ЮНИСЕФтин изилдөөлөрүнө негизделген маалыматта, балдардын 72,7 пайызы – үй-бүлөдө, 83 пайызы — мектепте зомбулукка дуушар болот. Сурамжыланган 2132 баланын ичинен 38,7 пайызы- психологиялык, 36,6 пайызы – дене бой зомбулугуна кабылган. 1,6 пайызы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган. Бирок кээ бир аша чаппаган жазалоолорду ата-энелер кыргыз элинин бала тарбиялоо адаттарына байланыштырып, тарбиялоонун бир ыкмасы катары ачыктап беришкен.