Быйыл убактылуу кармоочу жайлардын бөлмөлөрүнө, коридорлоруна жана кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүнө видеокөзөмөлдөр орнотулган.

Ички иштер минисринин орун басары Курсан Асановдун билдирүүсү боюнча, эми камераларды опер кызматкерлеринин жана тергөөчүлөрдүн иш бөлмөлөрүнө орнотуу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Андан сырткары кыргыз жана орус тилдеринде такталар илинген.

«ИИМ кызматкерлерине адам укуктарын сактоо жана коргоо менен бирге убактылуу кармоочу жайдагы адамдарга мамиле кылуудагы эрежелер боюнча окутуу курстары киргизилген. Акыркы учурларда орган кызаткерлери тарабынан адам укуктары боюнча эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес», — деди К.Асанов.

Учурда адам укуктарын жөнгө салуудагы мамлекеттин жана жарандык коомдун иш аракеттери талкууланып жатат.

Бөлүшүү