Президент ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевди кабыл алып, тышкы саясаттын негизги багыттары боюнча сүйлөштү.

Мамлекет башчысынын аппараты билдиргендей, министр Атамбаевге эки жана көп тараптуу келишимдердин ишке ашырылышы боюнча айтып берди.

Эрлан Абдылдаев алдыда боло турган иш-чаралар боюнча дагы маалымат айтып, Атамбаев тышкы саясаттын негизги багыттарына тиешелүү өз тапшырмаларын берди.